Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА ЖҮГҮРТҮМҮ – товарлардын, товардык эмес төлөмдөр менен эсептердин айлануусун тейлеген, ошондой эле товардык эмес төлөмдөр менен эсептешүүлөр. А. ж-нүн 2 түрү бар: а) накталай акчанын т. а. банкнот менен тыйындын жүгүрүүсү; б) накталай акча белгиси төлөм каражаты болбостон, бир субъектинин банк эсебине башка субъектинин бул же тиги банк мекемесиндеги эсебинен белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты которо турган накталай эмес акча жүгүртүүсү (кара: Накталай эмес эсептешүүлөр ).